Menu

КР Эсеп палатасы Кытайдын Улуттук аудит кеңсесинен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун кытай тарабын текшерүүгө көмөк көрсөтүүнү суранат

Бөлүшүү:

“Бүгүн, 4-июлда Бишкекте өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын IV жолугушуусунун алкагында биз көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк, анын ичинде өлкөбүздөгү коррупция менен күчөтүлгөн күрөш тууралуу да сөз болду. Эми менин Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин башкы аудитору Ху Зеджун менен эки тарапттуу жолугушуум бар. Анда мен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору боюнча биргелешип иштөө маселесин талкуулоону көздөп жатам”, – деп билдирди кечээ журналисттерге КР Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

“Кытайдын ТВЕА компаниясы жакшы компания. Бирок биз ал компаниядан Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча документтерди алалбай жатабыз. Ошондуктан мен өзүмдүн кесиптешим – Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин башкы аудитору Ху Зеджунга кайрылып, бул багытта көмөк көрсөтүүсүн суранмакчымын”, – деди Марипов.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Бишкекке келген Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүн кабыл алды. Ал аудит органдарынын иш-аракеттерин бириктирүү маанисин белгилеп, алардын ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттар катары ШКУнун алкагында эл аралык инвестициялык долбоорлорду, өзгөчө энергетика жана транспорт тейлөөлөрүндө, капиталды мыйзамсыз чыгарып кетүү менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында ишке ашырууга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды колдонуу боюнча эриш-аркак жана биргелешкен аудиттерди өткөрүү болуп калаарына ишенимин билдирди.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Фотолор Султан Досалиевдики

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: