Menu

Икрамжан Илмиянов ден соолугуна жана үй бүлөлүк шартына байланыштуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-июлда КР Көк бөрү федерациясынын президенти, айтылуу “Шоопур” Икрамжан Илмиянов өзү жазган арызына ылайык, ден соолугуна жана үй бүлөлүк шартына байланыштуу кызматынан кетти.  Бул тууралу КР Көк бөрү федерациясынын кечээ, 5-июлда өткөн съездинде белгилүү болду.

Съездге Кыргызстандын 7 облусунан жана Бишкек менен Ош шаарларынан федерациянын 77 мүчөсү делегат катары катышып, жаңы президентти шайлашты. КР Көк бөрү федерациясынын жаңы президенттигине буга чейин вице-президенти болуп иштеп келген экс-депутат Жыргалбек Саматов бир добуштан шайланды.

Көк бөрү – кыргыздын кылымдарды карыткан ыйык оюну. Ага ыйыктай аяр мамиле кылыш керек го. Антпесе акыркы жылдарда бул федерацияга президенттик кылгандардын көбү оңбой калды.

Болот Шерниязов – өмүр бою эңсеп, күрөшүп жүрүп, жеткен мансабына – Ички иштер министрлик кызматына эки-үч ай иштеп-иштебей катуу ооруга чалдыгып, отставкага кетти. Ден соолук тилейбиз.

Молдомуса Коңгайтиев жалган жалаа менен жазыксыз сабалып, жалаачылар тарабынан кылмыш иши козголуп, далили жок эми акталды.

Канат Исаев жалган жалаа менен Атамбаев тарабынан камакка алынды, алигиче абакта олтурат.

Икрамжан Илмиянов алкымынан айынан Америкага качып кутулду.

Эми Жыргалбек Саматовго ийгилик каалайлы.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: