Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев УКМКнын тергөөчүсүнө 7 миллион доллар берди деген маалымат чындыкка дал келбей турганын жактоочусу Бактыбек Жумашев айтып чыкты. Ал бул туурасында: «Бул сандырактык! Айбек Калиевдин ЖЭБди модернизация кылгандыгы үчүн ТВЕАдан сыйлык алганы, мурунку премьер-министр Сапар Исаков 40 миллион доллар, экс-президент Алмазбек Атамбаев 100 миллион доллар алганы тууралуу маалымат берди дегени карандай калп. Мен өзүмө бардык жоопкерчиликти алуу менен Айбек Калиев андай көрсөтмө бербегендигин ишенимдүү айта алам» – деп маалымдады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ