Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ээлген кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекетгик комитетинин жетекчисинин орун басарлыгына дайындалды. Кадырбаевдин кызматынан төмөндөшү, президент анчейин ишеним артпай турганын айгинеледи. Албетте, азыркы кызматы деле оңой эмес. Ошентсе да жетекчиликтен орун басарлыкка кетиши бийликке чоочун, өгөй экени билинди. Анын үстүнө Айтмамат мырза 2011-жылы Бакиевдин «реваншисттери» баш көтөргөн окуяда ошол кездеги Ош облусунун жетекчиси, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго сес көрсөткөн жайы бар. Анан бул эргул Жээнбеков былтыр президенттикке ат салышканда ичик жаап, ичи-койнуна киргенге аракет кылган. Мына ушул кошоматы аркылуу кызматынан төмөндөсө дагы, саясий аренадан сүрүлүп кетпей сакталып калды…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ