Өмүрбек Текебаевге түштөн кийин акыл кирип, бир канча жумадан бери темир тордун нары жагынан «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курушубуз керек» деп жазып атат. Таң каласың эй. Өзү парламенттин “шефи” болуп, каалагандай өкмөттөрдү алмаштырып жатканда, азыркы айткан акылдуу кептерин, ошол пунктту өкмөттүн программасына эмне үчүн киргизген эмес? Бул тууралуу ооз ачпай, унчукпай отурду эле го. Башкасын айтпаганда дагы Калыкбек Султановду Транспорт жана жолдор министри кылып өзү дайындабады беле. Көсөмдүн акылы түштөн кийин деген чындык тура. Темир жолду мөөнөтү бүткөнгө чейин Сооронбай Жээнбеков ача алса, Кыргызстандын тарыхында улуу ордун ошол эле чечими менен камсыздай алаарында эч кимибизде шек жок. Поезд менен кааласак Шанхайга, кааласак Парижге каттап, Жибек Жолу жанданып, кыргыздын багы ошондо ачылаарын Сооронбай мырза Өмүке айтпаса билбей калмак беле?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ