Menu

Түркияда поезд кырсыгынан 24 киши өлүп, 70тен ашыгы жаракат алды

Бөлүшүү:

Бүгүн эртең менен Түркияда Эдирне шаарынан Стамбулга бараткан поезд Текирдаг провинциясында кырсыкка учурады.

Маалыматка караганда, кеминде алты вагону жолдон чыгып кеткен поездде 360 жүргүнчү болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, 24 киши мерт болуп (алгач 10 киши экени айтылып жаткан), 70тен ашыгы жаракат алышты. Учурда кырсык болгон жерде тез жардам кызматынын 100 унаасы иштеп жатат. Андан тышкары ал жерге бир нече куткаруу тик учагы жөнөтүлгөн.

Текирдаг провинциясынын губернатору Мехмет Жейландын айтымында, кырсыкка аймактагы нөшөр жаандан улам темир жолго жер көчкүнүн түшүүсү себеп болгон. Кырсыкка кабылган поезд бир колеялуу жол менен бараткан жана жогорку ылдамдыктагы поезддердин катарына кирген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: