Menu

Орусия Сирияда аскерлеринин өлгөнү тууралуу маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

“Ислам мамлекети” террордук уюму 9-июлда жанкечтиси Дерра провинциясында 35 орусиялык жана сириялык аскер кызматкерин өлтүргөнүн билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча жанкечти жардыргыч зат орнотулган автоунаа менен өнөктөш өлкөлөрдүн аскерлери топтолгон жерге кирип барып, өзүн өзү жардырган. Окуя Зайзун шаарында болгон. Бул калааны күн мурун “Эркин сириялык армия” жоокерлери өкмөттүк күчтөргө өткөрүп берген. Шаарды өткөрүүгө Жоолошкон тараптарды элдештирүү борборундагы орусиялык аскерлер катышкан.

Орусия Коргоо министрлиги орусиялык аскерлердин өлтүрүлүшү тууралуу кабарды четке какты.

Министрликтин расмий маалыматы боюнча Сириядагы согушта жалпысынан 50дөн ашык орусиялык аскер мерт болгон. Алардын сегизи майда окко учкан. Өлгөндөр тууралуу бейрасмий эсеп эки эсеге көп. Февралда эле АКШ аскердик аба күчтөрүнүн соккусунан ондогон орусиялык аскер курман болгону кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: