Menu

Токон Мамытов, генерал-лейтенант: “Кыргызстандын эли Кашкардан чоң үмүттү күтүп турушат”

Бөлүшүү:

Рубрика сынына бул сапар ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди чыгардык. Ооматы артып, экинчи ирет бул тармакты башкарып жаткан милициянын генерал-майору ИИМ системасындагы «дыңды бузуп», эл күткөн реформаларды жасай алабы? Калкка ырайымсыз мамиле кылып, укук тебелеген алкы бузук кызматкерлерди тазалоого алы жетеби? Эмесе, бүтүндөй өмүрүн бул тармакка арнаган генералдын өзүнө жана ишине карата коомчулук көзүндөгү эрендердин пикири кандай экенине кызыгып көрдүк.

– Бүгүн ИИМдин жетекчилигинде бир нече профессионал кадрлар калса, ошолордун сап башында Кашкар Жунушалиев турат. Эң негизги, баса белгилөөчү жагдай, ал тармакка сырттан барган жетекчи эмес. Милициядагы болгон кызматтык тепкичтердин баарысын басып өттү. Райондук, облустук деңгээлдеги кызматтарды аркалады, Бишкек шаарынын милициясын жетектеди, министрдин орун басары болду, акыры эки жолу министр болду. Бул аралыкта ал профессионалдык жактан бийик тажрыйбага ээ болду. Эл менен тыгыз иштешкенди мыкты өздөштүрдү. Кыргыз милициясы кечээ кандай эле, бүгүн кандай болду, эртең кандай болот жана келечекте кандай болушу керектигин каарманыбыз түшүндү. Мындан ары ошондой түшүнүгүн кылмышкерлерге каршы күрөштө, өзгөчө уюшкан кылмыштуу топторду жок кылууда колдонсо деген оюбуз бар. Учурда жалпы милициянын өздүк курамы менен ардагерлери, өкмөт, бийлик, парламент жана коомчулук Кашкардан чоң үмүттү күтүп турушат.

Булак: “Азия Ньюс” 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: