Menu

“Экстин” көздөгөнү эмне, же Алмазбек Атамбаев кандай максат менен маек берди?

Бөлүшүү:

Дээрлик март айынан бери үн катпай, «командасынын» калың катмары камала баштаганда да реакция кылбай бугуп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев жуманын башында, тагыраагы 19-ноябрь күнү жүзүн көрсөтүп, жеке менчик «Апрель» телеканалына маек берди. Менчик каналы болгондон кийин каалагандай сүйлөсө болот эмеспи. Анын сыңарындай ал «каалагандай» сүйлөдү, өзүнө жакпагандарга «жугунду» куюп, жарыктык киши көнгөн адаты менен бир топ адамга асылды. Эң башкысы, президент Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычын билдирип, кайсыл сөзүнөн болбосун күнөөнү президентке байлаганга болгон аракетин жасады. Кызыгы: «ТЭЦти оңдоо иштери Жээнбеков өкмөт башчы кезинде болгон. Бирок, аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек» деди. Мындан сырткары, Атамбаев: «Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам» деген күлкү келээрлик оюн ортого салды. Албетте, бул ириң аралашкан «кыйшык» сөздөр ички таарынычтан улам чыгып жатканы жалпы элге маалым. Анткени, ажо Сооронбай Шариповичти «кол бала» катары башкарам деген Атамбаевдин «кыйды» максаты ишке ашпай талкаланып, арам ою ара жолдо быт-чыты чыккан. Айтор, жеке таарынычын мамлекеттик масштабдагы көйгөйгө айландыргысы келген Атамбаев жөн жатпай, кезектеги ызы-чууну жаратканга аракеттене баштаганы байкалып калды. Бул боюнча пикирин билдиргендерди тыңдап көрдүк.

Азимбек Бекназаров: «Атамбаев Жээнбеков тууралуу сүйлөгөндө, ошол учурларды эсинен чыгарбашы керек»

—Курманбек Бакиевдин учурунда Алмазбек Атамбаев президенттикке койгондо бир мен, анан азыркы президент Сооронбай Жээнбеков эле колдогон. Атургай анын партиялаштары да Бакиевдерден коркуп келе алышкан эмес. Ошол учурда Атамбаев ууланып калды, анан Жээнбеков аны Кара-Кулжанын жайлоосуна алып барып, кымыз менен дарылаган. Сакайган соң, Бишкекке жөнөткөн. Ал Жээнбеков тууралуу сүйлөгөндө, ошол учурларды эсинен чыгарбашы керек.

Бейшенбек Бекешов, тележурналист: “Шымын булгаган, колун аябасы көрүнүп турат”

—АШАнын «чындыгын» уктук. Ага ачык иштегенине карабастан, журналист кесиптештер өз милдетин аткарышты. Берилбеген суроо деле калган жок. АША өткөн бир жыл ичинде баарын түшүнүптүр. Эң башкысы -өзүндө эч кандай саясий келечек жок калганын түшүнүптүр. Бийликтеги кезине караганда кадыресе жели чыккан, демагогиясына эми эч кимди ишендире албасына көзү жетип калганы ачык эле сезилет. Эмки бир гана максаты Сооронбай Жээнбековду бийликтен шыпырып түшүү, калганы эмне болсо, ошо болсун деген гана ой. «Шымын булгаган колун аябасы» көрүнүп турат. Элдин, өлкөнүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эч убакта башын оорутпаганы айдан ачык көрүнүп турат. Чынында, бүкүрдү көр да түзөй албайт да.

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кенештин депутаты: “Туура эмес кылганын мойнуна алды, бирок ачык айта алган жок”

—Эгерде ачык эле Текебаевди ак жеринен каматып ийдим десе, анда кылмышты өзү мойнуна алып алмак да. Башкача айтканда, сот эмес, прокурор эмес, өзү каматканын мойнуна алып алды да: «Каматпай эле койсом болмок экен»- деп… Көрдүңбү? Демек, өзү каматканын мойнуна алды жана өзү туура эмес кылганын мойнуна алды. Бирок, жанагы «ак жеринен» деген жерге ал батына алган жок, анткени анда бул баягы, репрессия катары болуп, ак жеринен каматкан киши кылмышкер да. Далайды көргөн саясатчы катары кылмышты моюнума алып албайын деп, ошентип кутулду. Бирок, түшүнгөн кишиге сөздүн ток этээр жери “Текебаев ак жеринен отурат” деди.

Нарын Айып, журналист: «Атамбаевде эч кандай таасир калган жок»

— Эч кандай таасир этпейт. Бийликте 6 жыл олтуруп, бийлик эмне экенин түшүнбөгөн адам бир нерсеге таасир этем дегени менен таасир эте албайт. Анткени, анын тарыхы өтүп кетти. Бир жылдын ичинде абдан көп өзгөрүүлөр болду. Анын таасири мурда деле болгон эмес, бийликтин күчү менен гана таасир кылып жүргөн. Коомго таасир кылам деген адамдын авторитети болуш керек, сөзү өтүмдүү болуш керек, сөзү калыс болуш керек, коомго таасир кылам десе. Жалаң бийликтин күчү менен таасир кылып жүргөн адам бийлигин жоготконун түшүнбөй жатат. Анда эч кандай таасир калган жок. Журналисттерди сотко бергенин, «Мен эмоцияга алдырып жибергем го» дегени, ага мен 2-3 эле сөз айтайын, апендинин акылы түштөн кийин келет.

Алмазбек Акматалиев, саясий талдоочу: “Менимче, азыркы бийлик буга сабырдуулук менен эле мамиле кылышы керек”

—Биз ал кишинин мүнөзүн билебиз, муну менен эле токтоп калбайт. Дагы эле өз кызыкчылыгын көздөп козутуп жатканы билинүүдө. Менимче азыркы бийлик буга сабырдуулук менен эле мамиле кылышы керек. Баштаган кылмыш иштерин аягына чейин чыгарып, далилдерди таап, таппаса бошотуп, атаандаштарына себеп бербеши керек. Антпесе коомго коркунуч алып келе турган абалга тез эле жетип калышыбыз мүмкүн. Эң коркунучтуусу ошол. Мунун алдын алып, кандайдыр чара көрбөсө, бул киши өтө агрессивдүү көз карашта болуп калганы билинип калды. Бул болсо коомго өтө коркунучтуу.

Даниел Кадырбеков, активист: “Баягы эле эски “пластинканы” ойноду окшойт”

—Албетте, биринчиден, Алмазбек Шаршенович Атамбаев коопсуздугуна алдын ала чара көрүп жатат деп ойлойм. Баарыбыз көргөндөй, интервьюсунда Жээнбеков менен Бакиевтерге параллель жасап, регионалдык, үй-бүлөлүк кланда кетип жатат деп, өзүнө элдерди тартканга аракет кылып жатат. Регионалдык жана кландык деп, элди бөлүп, өзүнө кичине болсо дагы колдоочуларды топтогонго аракет кылды деп айтсак болот. Ошол эле мезгилде, баягы эле эски «пластинканы» ойноду окшойт. Элге баягы эле жалган маалыматтарды кайра-кайра кайталап атат, өзү ишенип алган көрүнөт. Албетте, ал маалыматты мээси бар адамдар анализ кылып көрүп, алдаганын байкаса болот.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири Атамбаев болгон”

—Экс-президенг Алмазбек Атамбаев өз маегинде Курманбек Бакиевдин фамилиясын бир канча жолу атап жатат, «Бакиев эле, Бакиев эле» деп. «Жээнбековдор жаңы Бакиев» деп айтканына биз бир жагынан таң калышыбыз мүмкүн. Анткен менен, так ошол Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири Атамбаев болгон. Бакиевдин Премьер-министри дагы болгон. Керек болсо, Германияга чейин барып келген. Биз муну туура түшүнүшүбүз керек. Баамымда, кыргызды экиге бөлүү максаты бар экен. Бизди, элди бири- бирибизге тукуруп, ошол эле түндүк-түштүк деген маселени көтөргүсү келип турганын баамдасак болот. Бул Атамбаевдин жалгыз үмүтү, жалгыз карасанатай ою. Ошол кыргызды экиге бөлүп, кайра элибиздин биримдигине залака келтирүү. Негизги эле ою ошол болуп калганын биз бул маегинен түшүнсөк болот.

Эмилбек Каптагаев, экс-губернатор: “Атамбаев 7 жыл бою Раим Матраимовдун кызматынан пайдаланды”

—Атамбаев Жээнбековдон өч алуу максатында япондорчо «харакири» кылам деп жатат. Өзү 7 жыл бою Раим Матраимовдун кызматынан пайдаланды, алчусун алды, кызмат ордун жогорулатты. Анан эле өзү кетээрдин астында эсине келе калып, «досу» Сооронбай Жээнбековду коргогон болуп, Сапар Исаковго команда берип, «ишенимден кетти» деген жүйөө менен кызматынан алдырды. Көңүл бурчу нерсе, коррупцияга күнөөлөп эмес, ишенимден чыкты деген жүйөө менен. Эгер коррупционер экендигин билсе, эмне үчүн ошол кезде эле камаган эмес. Эсиңиздерде болсо, Бекназаров менен Атамбаевдин 2010-жылдагы маегинде Азимбек Бекназаров Атамбаевди «взятка» алып, Матраимовду кызмат ордунда калтыргандыгына каршы чыгып, аны кызматтан кетирүүсүн суранган. Ошол кезде Жээнбеков губернаторлук кызматта болгон жана ал дагы Атамбаевдин бул ишине нааразылыгын айткандыгын Бекназаров эскерет.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: