Menu

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы кийинки жылдын бюджетин 10 миллион сомго көп бекитти

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы депутаттык курамга жаңы депутаттын келиши менен башталды. Депутат Мураталы Тагаев шаар мэри болуп шайланганына байланыштуу мандатын тапшырып, анын ордуна «Ата Журт» фракциясынан Заттарбек Боронбаев келди. Шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев ага төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды.

Сессияда негизинен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу тууралуу маселе каралды. Депутаттар шаардын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга болжолун 338 миллион сом менен жактырышты. Бул бюджеттин быйылкы жылдагы көлөмүнөн 10 миллион сомго көптүк кылат.

-Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга болжолун шаардык кеңештин депутаттары жактырып беришти. Эми биз бул божомолду өлкөнүн республикалык каржы министрлигине тапшырабыз. Ошентип, өлкөнүн кийинки жылдагы өнүгүшүнүн контурлары иштелип чыгылат, – дейт  Жалал-Абад шаардык каржы башкармасынын башчысы Азамат Раматиллаев.

Ошол эле кезде шаардык кеңештин депутаттары шаар казынасын толтуруу, киреше булагын арттыруу, бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келген салыктарды тактоо жана жыйноо багытында бир катар талаптарын коюшту. Эми шаардык каржы башкармасы тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте тактоолорду жана толуктоолорду жүргүзүп, ал талаптарды аткарууга тийиш.

Ошентип, быйылкы 2018-жылга карата шаардык бюджет 328 миллион сом өлчөмүндө бекитилсе, кийинки жылга карата бюджеттин өлчөмү 338 миллион сом деп аныкталды. Ал эми акыркы беш-алты жылдан бери шаар бюджетинин көлөмү жыл сайын 15-20 миллион сомго көбөйүп келүүдө.

Шаардык кеңештин сессиясында депутаттар шаар турмушу үчүн маанилүү делген дагы 7 маселени карашты жана тийиштүү токтомдорду кабыл алышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: