Menu

Активисттер Конституцияны өзгөртүүгө каршы кайрадан митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген Бишкектеги митинг. 29-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарында 29-ноябрда жүздөгөн активисттер Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген экинчи нааразылык акциясына чыгышты.

«Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары темир жол бекетинин жанына чогулуп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктарды айтышты. Алар колдоруна Конституцияны өзгөртүүгө каршы түрдүү транспаранттарды кармап жүрүштү.

Ушул эле активисттер өткөн жекшемби, 22-ноябрда да Бишкектеги темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка чейин жүрүш менен барышкан.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.

Ал өз маектеринде «бул – диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп билдирген.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев анын иши 15-20 күнгө созуларын айткан.

Демилге парламентте кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: