Menu

Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

Бөлүшүү:

9-июлда Тажикстандын Куляб шаарында салмагы 7 кило 200 грамм ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Куляб шаарынын төрөткана жетекчиси Халима Гадоева бала операция жолу менен төрөлгөнүн билдирди. Анын айтымында, наристенин абалы канааттандырарлык, апасы дагы операциядан кийин акырындык менен өзүнө келе баштады.

«Өз тажрыйбамда мындай баатырды биринчи жолу көрүп жатам. Бул Тажикстанда мурун болуп көрбөгөн окуя», – деди Халима Гадоева.

Ымыркайдын апасы – 30 жаштагы Тахмина Одинаева. Ал үй-бүлөдөгү бешинчи бала, калгандары дагы чоң салмакта, 4 килограммга чейин төрөлүшкөн.

Наристенин атасы Искандаршо Худойназаров аялы Тажикстанда эле эмес, дүйнөдө рекорд койду деп эсептейт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: