Menu

Самарканд облусунун мурдагы башчысы камалды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туроб Жураев менен анын капиталдык курулуш жана коммуналдык чарба боюнча орун басары Уткир Абдуллаев камалды. Бул тууралуу «Озодлик” радиосу өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Туроб Жураев менен Уткир Абдуллаев ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймакка көп кабаттуу үй тургузган курулуш компаниясынан пара алган деген шек менен 10-июлда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жураевге каршы кылмыш иши козголгонун ырасташты. Алардын айтымдарында, экс-чиновниктер Самарканддын тарыхый бөлүгүнө үй куруу айыбы менен кармалган жергиликтүү ишкерлердин көрсөтмөсүнөн кийин кармалган.

Самарканддын тарыхый жерлерин коргоо маселеси ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 42-сессиясында көтөрүлгөндөн кийин, өзбек бийлиги андагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшере баштаган. 23-июнда Самаркандга барган өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов пара берүү жолу менен алынган уруксаттын негизинде курулган 7-9 кабаттуу үйлөрдү бузуу тапшырмасын берген.

Президент Шавкат Мирзиёев Туроб Жураевди Самарканд облусунун башчылыгына былтыр 13-июнда дайындаган. Ислам Каримовдун тушунда ал Сурхандарья жана Кашкардарья облустарын жетектеген. Андан тышкары 2004-2008-жылдары Өзбекстандын элдик билим берүү министри болуп иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: