Menu

Премьер Абылгазиев «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев жыл сайын өтүүчү «Эң мыкты айыл өкмөтү»  сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты, – деп өкмөттүн басма кызматы маалымдады.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-жылдын «Аймактарды өнүктүрүү жылы» катары жарыяланышы символикалык мааниге ээ. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашай турганын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди көрүүнү мындан ары да улантат. Коюлган милдеттерди аткаруу максатында 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясат Концепциясы кабыл алынган, аны өз убагында аткаруу жер-жерлерде жашоо деңгээлин кыйла жогорулатууну шарттайт», – деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагы маанилүү болуп саналат.

«Өткөрүлгөн сынак жергиликтүү бийлик жана жашоочулар үчүн айыл өкмөтүнүн тышкы көрүнүшүн жана инфраструктурасын жакшыртуу маселесинде маанилүү өбөлгө болуп саналат. Адамдардын мындай жигердүү жарандык позициясы бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын ишин өбөлгөлөйт, себеби элдин колдоосусуз мамлекеттин алдындагы маанилүү милдеттерди чечүү мүмкүн эмес», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагы жыл сайын өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын катышуучулары эки топко бөлүштүрүлдү.

Биринчи топто Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтү таанылып, сыйлык катары 1-орун үчүн 1,5 млн сом алды.

2 жана 3-орунду Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтү жана Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтү ээлешип, байгеге 1,0 млн сом жана 500 миң сом алышты.

Экинчи топто жеңүүчү катары Ысык-Көл районунун Түп районунун Кутургу айыл өкмөтү таанылды жана 1-орун үчүн 1,5 млн сом менен сыйланды.

2 жана 3-орунга Нарын облусунун Жумгал районунун Башкууганды айыл өкмөтү менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтү ээ болушуп, байгеге 1,0 млн сом жана 500 миң сом алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: