Menu

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайды

Бөлүшүү:

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 17,7 миллиард кубометрге жетти. Бул жөнүндө экономика тармагын жана калкты жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын отурумунда Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Улан Рыскулов ачыктады.

– Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 2 миллиардга аз. Анткени, 2017-жылы ушул кезде аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 19,4 миллиард кубометрге жеткен эле, – деп тызылдады Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Улан Рыскулов.

Ал эми Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев моминтип коңгуроо какты: – Албетте бул биз үчүн өтө олуттуу сигнал! Анткени, биз керектүү көлөмдү 19 миллиард кубометрге чейин жеткиришибиз керек! Ошондуктан, электр энергиясындагы жоготууларды жана энергокомпаниялардын дебитордук карыздарын төмөндөтүүбүз зарыл! Башка жолубуз жок!

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: