Menu

Экологиялык трагедия

Бөлүшүү:

Сүйүктүү Кыргызстаным бийик тоолуу, төрт түлүк малга жагымдуу кең өрөөндөрү, тунук суулары, көгүлтүр көлдөрү, не бир жапайы жаныбарлары, өсүмдүктөрү бар бейиштин төрүндөй эле жер. Чөлдүү жана чалкыган даркан талаалуу аймактардан, климаты суук Түндүк чөлкөмдөрүнөн келишкен адамдар суктанышып, таң калышат. Азыркы кезде дүйнөлүк цивилизациянын жыл сайын гана эмес апта, күн сайын өнүгүп өсүп жатышы менен жер планетасында кишинин колу тийе элек аймактар улам азайып, Жер Энеге аста секин залака келтирип жатабыз. Жөнөкөй эле мисал, биз бала кезде Кадамжайдын үстүнөн каркыра-турналар тизилип өтүшө турган. Эми аны байкай албай калдык. Бийик тоолордогу аркар-кулжаларды чет элдик байларга сатып кырып жок кыла баштадык. Кадимки мумиянын корун түгөтө жаздаганыбызга аз эле мезгил болду. Дасторконубузга экологиялык жактан таза, ден соолукка жагымдуу мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, эт жана сүт азыктарын табуу жеңилге турбайт. Мурда биздин түшүбүзгө да кирбеген оорулар кескин көбөйдү. Мунун баары адамзаттын цивилизациясынын, өркүндөп өсүшүнүн терс жактары.

Биздин өлкөдө бир квадрат километр жерге 32 адам туура келет экен. Бул жерибиз кенен деген сөз. Башка Чыгыштагы мамлекеттерде бул көрсөткүч он-жыйырма эсеге жогору болгон фактылар бар. Жер Энеге биз аяр мамиле жасай албай келебиз. Аба да, суулар да, топурактын кыртышы да, жеген-ичкен азыктарыбыз да бузулду. Биз бүгүнкү аптапта тамшанып ичип жаткан не бир кооз этикеткадагы суусундуктардын көпчүлүгү ден соолукка зыян. Андан көрө булактын суусун же жаңы бышкан алманын, шабдалынын суусун ичкен оң.

Бишкек-Ош унаа жолунда көп каттаймын. 670 чакырымга созулган бул маанилүү жолдун боюна саресеп салып бара жатып, апыртып ийбесем миңдеген пластикалык бөтөлкөлөрдүн, пакеттердин, атүгүл гигиеналык каражаттардын чачылып жатканын көрөм. Бөтөнчө элдүү конуштардан тышкары жерлерде биздин замандаштар жеп-ичкен соң малга окшоп колундагы пакетин, пластик стаканын, коробкасын, конфет менен балмуздактын кабыгын автомашинанын айнегинен ыргыта беришет экен. Бул эми ачыгын айтканда, биздин маданиятсыздыгыбыз, жапайылыгыбыз, жаратылышка кылган кыянатчылыгыбыз да! Мурда Германияда аскерде кызмат кылган классташым бир сапар шаар аралап жүрүп, чылымдын кичинекей бүчөгүн тротуарга ыргытып салса, окуучу кыздар келишип уяткарышып, урнага тыштатканын айткан эле. Мындай маданиятка, адеп-ахлакка биз качан жетер экенбиз? Же жетпей жүрө беребизби?

Ордолуу Ош шаарындагы Араван аялдамасынын капталында каналда суу кууру бар. Бир сапар ошол жерде эс алып отуруп, ондогон пластик бөтөлкөлөр тыгылып жатканын көрдүм. Ал эми Кадамжайдагы Муктар Нургазиев атындагы каналдын суу бөлүштүргүч жерине төмөнкү айылдын мурабы күн алыс келип Шаймерден суусунда агып топтолгон бөтөлкөлөрдү топтоп, куурду тазаларын айтты. Ушуларды ойлоп, буга акыл калчап отуруп биздин айбандардан айырмабыз азайып баратабы деп ойлоп калдым. А ошону ар бир адам чогултуп, айлана-тегерегин таза кармаса жаманбы? Табиятты таза кармоо өзүбүздөн го замандаш. Элдик телеканалдан көл кыласындагы демилгечил жаштар ар кандай ыпыр-сыпырларды, таштандыларды чогултуп жыл сайын акция өткөрүшөт. Бирок негедир анын таасири байкалбай ыйык көлүбүз, кыргыздын бермети булганганы булганган.

Эгерде ушул темпте бара турган болсок, европалык экологдордун иликтөөсү боюнча 2025-жылга дүйнөлүк океандагы 3 килограмм балыкка 1 килограмм таштанды туура келет экен. Акыркы жылдарда Тынч жана Атлантика океандарында экиден, Индия океанында бир таштанды жыйналган аралдар пайда болгон. Алар калкы көп шаарлардан же кемелерден ыргытылган пластикалык бөтөлкөлөрдөн, башка химиялык калдыктардан топтолгон таштандылар. Жыл сайын бөтөлкөлөрдүн капкактарын, шакектерин жана чылым тутанткычтардын калдыктарын жеп коюшкан 400 миңден ашуун деңиз жандыктары өлүп жок болушат. Пластикалык бөтөлкөлөр, баштыктар, чакалар таштанды катары 3–4 кылымга дейре сакталып кала берет экен. Демек алардын чыдамдуулугу кагаз менен металлдан да жогору. Таштандылардан коркунучтуу метан газы бөлүнүп чыгат. Пластика кишинин боор жана бөйрөк органдарынын иштешине терс таасирин берет. Медиктердин баамында алар көздүн, жүрөктүн, мээнин иштешине залака келтирет. Аларды өрттөй турган болсок зыяндуу диоксин бөлүнүп чыгат.

Эми пластикалык бөтөлкөлөрдү, идиштерди чогултуп кайра иштетүүдө Кытай өлкөсү 2017-жылдан тартып Европа өлкөлөрүнөн импорттоону токтотууга мажбур болду. Себеби бир жагынан ташып келүү, кайра иштетүү түйшүгү өзүн өзү актабаса, экинчиден өзүлөрүндө да сырье көбөйүп кетти окшойт. Деги эле дүйнөлүк практикада пластикалык калдыктардын теңи кайра иштетилет экен. Бул көрсөткүч Японияда элүү пайыздан ашса, Бразилияда 70 пайызга жакындап калды. Ал эми Россияда болгону 4 гана пайызды түзөт. Кыргызстанда бир граммы да кайра иштетилбей Бишкек менен Оштун атеребиндеги таштанды жайлар жумушсуз бечаралар эптеп күн кечирчү, тыйын тапчу жайга айланган. Алар топтогон бөтөлкөлөрүн керектөөчүлөргө тапшырышып, жасалма суусундуктар менен ширелердин чыгарылышына жардам көрсөтүшүүдө. Буга чын ниети менен кызыккан укук коргоо органдары, экологиялык көзөмөлдөөчүлөр байкалбайт. Биз ичип жаткан минерал суулардын тазалыгына эч ким кепилдик бере албайт деп ойлойм. Азыр эптеп этикеткасын чаптап жасалма суусундук чыгаргандар аябай көбөйүштү.

Эми бөтөлкөлөрдү чогултуп кайра иштеткен ишканалардан деле жаратылышка зыян көп тура. Алардын жанында киши чыдап тура албайт. Бурятияда ишкерлер пластик калдыктарынан мыкты плиткаларды чыгарууну колго алышты. Бирок маселе мамлекеттик деңгээлде колдоого алынбагандыктан иш ойдогудай эмес.

СССРдин учурунда пластика дегенди дээрлик билчү эмеспиз. Айран менен лимонаддын айнек бөтөлкөлөрүн кайра тапшырып тыйынын алчубуз. Кагаз жана металл калдыктарын чогулткан окуучулар арбын эле. Аларга мамлекет акча төлөп кызыктыра турган. Эми алардын баарын коңшулаш Кытайга ташып түгөтөйүн деп калдык. Менимче Союздагы жакшы демилгелерди азыр да колдонуп, бир жагынан үнөмдөгөндү үйрөнсөк, экинчиден айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алууга болот. Бул абдан маанилүү маселеге, кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаттары саресеп салышып, туңгуюктан чыгуунун жолдорун кошо табышса келечек муундардын алдында, азиз Жер Эненин алдында зор соопкерчилик кылганыбыз эмеспи.

Адылжан Жажанов, журналист

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: