Menu

Конгантиев менен Атамбаев менен 2011-жылдагы президенттик шайлоо алдында элдешип кеткен, экөөнүн ортосунда «саясый келишимдер» болгон

Бөлүшүү:

УКМК Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш ишин кыскартып салып, мунун айынан коомчулукта чоң талкуу жаралганына баарыбыз күбө болдук. Көпчүлүк катмардын нааразы болгонун сезген президент Сооронбай Жээнбеков элдин маанайы менен эсептешип, Конгантиевдин иши кайрадан башкы прокуратурада караларын билдирди. Албетте, шайлоочулардын эрки менен эсептешүү жакшы көрүнүш. Бирок, УКМК жетекчилиги мындай жаңылыш кадамды дагы кайталаса, анда аягы жакшылыкка алпарбасын аңдай берсеңер болот.

Эң башкысы, Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышы менен бийликке оор сокку урулду. Дал ушул жагын Жээнбеков көп создуктурбай оңдоп кетти. Эми мындан аркысын башкы прокуратура иликтеп баштаса, адилеттүүжаза берилеби? Коомчулук жана журналисттер журтчулугу сөзсүз кулак түрүп турмакчы. Себептери өтө арбын. Конгантиев Бишкек ШИИБнин начальники жана ИИМди жетектеп турганда, үрөй учурган буюртма адам өлтүрүүлөр болгону унутулбайт да. Медет Садыркуловго биринчи кулак, сөөмөй кесип, «белек» катары жөнөтүшкөнү эсиңердеби? 2009-жылдын 13-мартында Садыркуловду уюшкан күч органдары кыйнап өлтүрүшүп, өрттөп жиберишкени белгилүү болчу, бирок, мунун баары 2010-жылдын 7-апрелинен соң ачыкталды го? Ушундай өлүм болуп атса, кезегинде Конгантиев аварияга шылтаганы жалган беле? Ал эми өткөн саныбызда экс-депутат Жусупжан Жээнбеков чоң уулун кандуу бийлик өлтүргөнүн, кичүүсүн болбогон жалаа менен камап, кордук көрсөтүшкөнүн айтып чыкты. Кандуу бийликтин жасоолдору депутат Руслан Шаботоевди уурдап кетишип, көзүн тазалашканы) Сыргак Абдылдаевди бычактатып, аз жерден өлтүрүп коё жаздашканын билебиз да. Агезде мындай буюртма адам өлтүрүүлөр, коркутуулар байма-бай болуп турганы, дагы мисалдар арбын экендигин жаза берсек, сөз арбын.

2010-жылдын 6-апрелинде Бакиев бийлигинин «беспределине» чыдабаган таластыктар көтөрүлүшкөн. Ошондо Конгантиев адилетсиздикке каршы чыккан карапайым калкты бир ууч алкаштарга теңегени, аларды тынчытууга барганы жалганбы? Андан аркысын билесиңер, кандай таяк жегенин. Агездеги бийлик «кечирим берсе», ошол эле маалда Конгантиев ИИМ тарабынан Садыркуловдун өлүмү боюнча суракка алынып, анан көрсөтмөлөр түз бериле баштаганда жыгылып калып, «тез жардам» алып кеткенби? Ошондон ары Москвага дарыланып, кийин Атамбаев менен 2011-жылдагы президенттик шайлоо алдында элдешип кеткени, экөөнүн ортосунда «саясый келишимдер» болгону интернетте жарыяланды го? Таңкаласың да, жеке «ызыкчылыктар үчүн төгүлгөн элдин канын мазактоо менен аттап кете берсе болобу? Кайран гана саясатчыларга алданган элдин шору!

Конгантиев ИИМди жетектеп турганда Жанышка таянып алып, премьер-министр Данияр Үсөновду каалагандай калчап, оңго-солго тапанчаларды сыйлык шылтоосу менен таратканы ыраспы? Ушул жагынан да дыкат текшерүү болсо, ИИМдин архивинен материалдар чыкса керек. А баса, 2007-жылы Бишкектеги «Бириккен фронт» митингине, 2010-жылы Таластагы элдик толкундоолорго Оштон спецназдар келгени, элди кырууга болгон аракеттер эмне үчүн бүгүн текшерилбейт? Ошол эле Таластагы тополондо облмилициядагы курал-жарактар уурдалып кетип, камактагылар жапатырмак качып кетишкени боюнча ким жооп бериш керек эле?

Кыскасы, Жаныштын бул «генералы» боюнча тергөө органдары адилеттүү иликтөө жасашса, тирукмуш фактылар чыгышы мүмкүн. Айтмакчы, Мелис Турганбаевде үрөй учурган бир топ фактылар бар экенин уктук. Ал азыр Конгантиевге каршы документтерди чыгарабы? Эгерде бүгүнкү бийлик элдин астында жүзүн сактап калууга жан үрөсө, анда башкы прокуратура калыстык кылсын, болбосо аягы кайрадан чатак менен аяктайт…

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: