Menu

Видео – Ысык-Көлдө эшегин көлдүн суусуна түшүрүп жууган жергиликтүү жарандын жоругу коомчулуктун сынына кабылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-июлда Жазгүл Тагаева аттуу социалдык тармактардын колдонуучусу Ысык-Көлдүн өзү эс алган Ак-Терек аттуу жеринде жергиликтүү жаран эс алуучулардын каршылыгына карабай эшегин көлдүн суусуна салып жууганын, анан андан чыккан чырдын видеотасмасын жарыялады. Ал жарандын жоругу социалдык тармактардын колдонуучуларынын кескин сынына кабылды.

“Кечээ, биз жакындарыбыз менен көлгө түшөлүк деп, Ак-Теректин жээгине барып, жаныдан көлгө түшүп жатсак, бир киши келип эшекти көлгө салып баштады, биз аны  адам катары, биздин арабыздагы улуу адамдар “эшекти көлгө салганга болбойт” деп эскертишти, бирок тигил адам такыр укпай эшекти салып салды. Мен барып “эмнеге эшекти көлгө салдынар?  Бул жака элдер, жаш балдар түшүп жатышат” десем, “сенин эмне ишин бар, мен эшекти күндө салам” деп кыйкыра баштады, “мен бул жакта жашайм, демек каалаган нерсемди кылам” деген мамиледе, “сенин көлүңбү? сатып алдынбы? бул жактан чыгып кет!” деп мага кыйкырат. “Эгер сен ушунчалык эшектен жийиркенсең, ооруп калам десең пляжга барып түш, ооруса мен эчак оорумакмын” деп кыйкыра баштады. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө, ушундай туура эмес иштерди жасаган адамдарга чара көрүлөбү? Көзүн менен көрбөй түшсөң башкача, бирок сенин көз алдыңда, эшек түшкон сууга эч кимдин деле түшкүсү келбейт го”, – деп жазат Жазгүл Тагаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: