Кечээ, 23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы “Натали” пансионатында эс алып жүргөн 1976-жылы туулган С.А.Ю. аттуу жаран сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 23-июль күнү куткаруучулар чөгүп кеткен жарандын сөөгүн издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок сөөк табылган эмес. Бул тууралу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 24-июль күнү издөө иштерине КР ӨКМнин №15-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары да тартылып, издөө иштери улантылууда.
Айрым маалыматтар боюнча сууга чөккөн жаран Каракол шаардык ишкерлер бирикмесинин төрагасы, 41 жаштагы Александр Стручалин. Ал эс алып жаткан учурда көлдө скутер минип жүргөн кыздын скутери өчүп калып, ага жардам бергени сүзүп бараткан Александр Стручалин жээктен 60 метрдей узаганда 40 метр тереңдиктеги сууга чөгүп кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ