Menu

Орусияда эне тилдер тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Бөлүшүү:

Орусия Мамлекеттик думасынын имараты

Кечээ, 25-июлда Орусиянын Мамлекеттик думасы эне тилдерди окутуу тууралуу мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды. Документти колдоп 388, каршы 2 депутат добуш берди.

Эгер мыйзамды парламенттин жогорку палатасы колдоп, президент кол койсо, анда Орусиянын улуттук аймактары менен республикаларында түпкүлүктүү улуттун тилин милдеттүү окутуу тартиби жоюлат.

Улуттук республикалар менен аймактарда жашаган орустардын даттануусуна жооп иретинде былтыр президент Владимир Путин ал аймактарда балдар эне тили болбогон тилди окууга мажбурланбашы керек экенин билдирген.

Орус президентинин бул нускоосу ошол аймактардын мектептеринде түпкүлүктүү улуттун тилдерин милдеттүү окуткан класстардын жоюлушуна алып барган.

Бул өз кезегинде орус тили менен катар жергиликтүү тилдер да расмий макамга ээ болгон Түндүк Кавказда, Волга чөлкөмүндө, Сибирь менен Ыраакы Чыгыштагы улуттук аймактар менен республикаларда нааразылыктарды жараткан.

10-апрелде мыйзам долбоору Мамдуманын кароосуна келип түшкөндөн кийин «Мектептерде эне тилдерди милдеттүү түрдө окутуу тартибинин сакталышы үчүн» деп аталган демилгечи топ Change.org сайтына петиция жайгаштырган. Анын авторлору Владимир Путинге кайрылып, мектептерде эне тилдерди милдеттүү окутуу тартибинин жоюлушуна жол бербөөсүн талап кылышкан.

Мамдума мыйзам долбоорду биринчи окууда 19-июнда, экинчи окууда 24-июлда кабыл алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: