2010-жылдагы Убактылу өкмөттүн мүчөсү, экс-губернатор Эмилбек Каптагаев экс-президент Алмаз Атамбаевдин бажычы Райымбек Матраимов тууралу кечээ, 25-июлдагы билдирүүсүнө пикирин жарыялады:
“Атамбаев деген неме Райым Матраимовду калкалап, чаң жугузбай жети жыл бөпөлөп, а түгүл кызматтан чоңойтуп келгенин эмне деп түшүндүрөт болду экен өзү? Илгери “… кепшегенин билип, жутканын билбей калдыбы?” – деп коюшчу эле. Менин жеке оюмда Атамбаевдин былтыр Исаковго айтып Матраимовду кызматтан шашылыш кетиргени бир эле нерсеге – акчага байланышкан. “Сокеге барбай эле кой, мындан ары Сапар менен иштешесиң, ошого салам-дуба менен кирип тур” – десе ынабай койгон го сыягы… жаңы Президентти кантип тааныбай койом дегендей кылып… Анан адатынча ооздон көбүк чачып, жер сабап жатып калды да… Эмне кылсын бечара… Азыр кайра-кайра “Матраимов коррупционер” деп айкырганына ишениш кыйын… Анда эмне өзү жети жыл калкалап, камыр-жумур иштешти деген суроо жоопсуз калып жатпайбы… Же кызматтан кетерине беш күн калганда көзү ачылганбы Атамбаевдин???”
Эмилбек Каптагаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ