Menu

“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү жерлерде берүү боюнча мониторинг жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү жерлерде берүү боюнча мониторинг жүргүзүүгө ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү. Ага Министрликтин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери катышышты. Бул тууралуу Министрликтен маалымдашты.

“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү жерлерде берүү боюнча мониторинг жүргүзүү үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүлөт.

Министрлик маалымдагандай, мониторингдин жыйынтыгында жарандар “балага сүйүнчү” алууда көйгөйлүү маселелер аныкталып, 4 миң сом өлчөмүндө берилген бир жолку акчалай төлөмдөрдүн азыркы жол – жоболоруна  өзгөртүүлөр киргизилет.

Быйылкы жылдын февраль айында Министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте бирдиктүү терезенин негизинде жарандардын арыздарын кабыл алуу үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизген. Бул долбоордун алкагында жарандар “балага сүйүнчү” алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна, ЖАКК органдарына жана маалымат күркөлөрүнө кайрылуусу зарыл.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада бала төрөлгөндө берилүүчү “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн 39 миңге жакын жарандар алышты. Буга мамлекеттик бюджетте 158,7 млн. сом бөлүндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: