Ишемби, 28-июль күнү, саат 14.30. чамасында Москванын алдындагы Люберцы шаарынын Некрасов районунда жаңы үйдүн крулушунда иштеп жатышкан кыргыз жана өзбек мигранттары мушташа кетип, бир кыргыз жараны ошол жерден каза болгон. Бул тууралу Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин вице-президенти Улан Кошматов социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Каза болгон жаран Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын кулуну, 1993-жылы туулган Алмазбек уулу Айбек болот. Маркумдун туугандарына кабар жеткирилген.
Мушташкан балдардын баарын полиция кармап кетип, азыр абакта олтурушат, алардын ичинде таякталган 6 кыргыз жараны да бар.
Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча бөлүмү ишти иликтөөдө.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ