Menu

МТС сот аркылуу Түркмөнстандан 750 миллион доллар өндүрүп алууну көздөөдө

Бөлүшүү:

МТС Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулгандыгына байланыштуу Дүйнөлүк банктын алдындагы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго инвестициялык доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу РБК басылмасы орусиялык компаниянын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазды.

Түркмөн бийлиги былтыр сентябрда МТСтин Түркмөнстандагы өкүлчүлүгүнүн өлкөдө иштөө лицензиясын узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу компания ишин токтотууга аргасыз болуп, кеминде 750 миллион доллар зыян тартканын билдирүүдө. МТС түркмөн бийлигин 2009-жылы инвестицияларды коргоо тууралуу эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн укуктарын бузууга айыптоодо.

Орусиялык мобилдик байланыш оператору талашты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылганын белгиледи. Компания жарым жыл мурда эгер тараптар макулдашууга келе албаса, анда сотко кайрыла тургандыгын Түркмөнстанга эскерткендигин билдирүүдө.

«Тилекке каршы, ортодогу пикир келишпестиктер жөнгө салынган жок. Буга байланыштуу МТС өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана Түркмөнстандагы инвестицияларын коргоо үчүн сотко кайрылууда», — деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы.

МТСтин Түркмөнстандагы өкүлчүлүгү мамлекеттик «Түркмөнтелеком» байланыш оператору кызматташтык тууралуу келишимди узартпай койгондон кийин ишмердүүлүгүн токтоткон. Мындан тышкары уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн МТСке берилген радио жыштыктарды колдонуу уруксатынын мөөнөтү дагы узартылган эмес.

2017-жылдын экинчи кварталынын соңуна карата МТСтин Түркмөнстанда 1,7 миллион абоненти болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: