Menu

РФ Өкмөтү менен Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында КР техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификацияланды

Бөлүшүү:

Жээнбеков «2017-жылдын 29-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Протокол 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун бир катар беренелерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек жана Ош шаарларындагы Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруулардын алдын алуу департаментинин эки лабораториясын жабдуулар менен жабдуу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле, Россия Федерациянын Федералдык бажы кызматынын сунушуна ылайык, Протоколго Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоону техникалык жактан колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө пункт киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: