Menu

Сооронбай Жээнбеков Азия оюндарына аттанган спортчуларга Мекенине чемпион болуп кайтып келишин каалады

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта Индонезия Республикасында өтүүчү XVIII Азия оюндарына катышуучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясы менен жолугушту, – деп президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Индонезия Республикасында өтүүчү Азия оюндарына намыс талашканы бараткан өлкөнүн эң мыкты спортчулары менен жолугуп жатканына кубанып турганын билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк олимпиада оюндарынан кийинки чоң мелдеш аталган оюндарга жолдомо жеңип алуу эң мыктылардын гана колунан келет. Азия континентиндеги миллиондогон спортчулардын арасынан ушул чоң мелдешке жолдомо алганыңардын өзү чоң жетишкендик. Силер бул ийгиликке ак эмгегиңер, маӊдай териӊер, чыдамкайлыгыӊар менен жетиштиңер. Кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип чемпиондук наамга ээ болсоңор силердин жеңишиңер бүт Кыргызстан эли үчүн чоң жеңиш болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент алдыда боло турган Азия оюндарынын катышуучуларын өлкөнүн эң кайраттуу, намыстуу, мекенчил, эр жүрөк улан-кыздары деп эсептээрин белгиледи.

«Бардык эле кыргызстандыктар сыяктуу мен да силер менен, силердин спорттук ийгилигиңер менен сыймыктангым келет. Мен силердин күйөрманыӊар болом. Ар бириңер медаль тагынып, чемпион болуп, Мекениңерге кайтып келишиңерди каалайм. Тайманбай күрөшкө түшүп, жеңишке жетишүү биринчи кезекте спортчунун духуна, демине байланыштуу болот. Айкөл Манас атабыздын кудуреттүү деми, күч-кайраты силердин ар бириңерде бар. Мен силерге ишенем, силерден үмүттөнөм», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Татыктуу атаандаштык көрсөткүлө. Ар бир беттешиңер дүйнө элинин эсинде калсын. Силердин чебер аткарган ыкмаңар, чабуулуңар бүт дүйнө жүзүнө таркап, биз бул жакта жүрөк толкуп, маңдай жарыла кубангандай бололу», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эл аралык спорттук мелдешке татыктуу спортсмендерди тарбиялоого көп күч-аракет жумшаган машыктыруучу-устаттарга ыраазычылык билдирди.

«Ар бириңиздердин мээнетиңиздерди баалап, барктап алууга даярбыз. Мына бул силерге тапшыра турган өлкө Туусу мекендин деми, элдин руху, туулган жердин абасы-суусу. Ата-бабалардын мурасы болгон Кыргызстандын Кызыл Туусун бийик көтөргүлө!», — деп белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тууну Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын улуттук курама командаларынын капитаны Каныбек Жолчубековго тапшырды.

Каныбек Жолчубеков спортсмендердин атынан Мамлекет башчысына улуттук курама команданын футболкасы — символикалуу белекти тапшырды.

Кыргызстандын спортсмендерин XVIII Азия оюндарына узатуу аземинин соңунда  спортчулар Президент менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: