Menu

Суракматов камалуудан коркпой, таза иштей турганын айтты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэрлигине шайланган Азиз Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам бузбай иштөөгө аракет кыларын айтты. Ага каршы нааразылыкка чыккан активисттердин аракетин демократиялык коомдогу көрүнүш катары баалады.

Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди.

“Кызматка киришкен соң командаңызды алмаштырасызбы?” деген суроого ал мындайча жооп берди:

– Бул тууралуу ойлоно элекмин. Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыкмайынча муну талкуулоо туура эмес.

8-августта Азиз Суракматовду шаардык кеңештеги депутаттар көпчүлүк добуш менен мэрликке шайлады.

Шайлоо жүрүп жатканда мэриянын имаратынын алдында ондогон активисттер нааразылык акциясын уюштурушту.

Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган жалгыз талапкер катары шайлоого ат салышты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: