Menu

УКМК президент жүрүүчү жолго өзгөчө статус берчү мыйзам иштеп чыкты

Бөлүшүү:

КР УКМКсы “Автожолдор” мыйзамына толуктоо киргизүү үчүн мыйзам долборун элдик талкууга коюшууда. Алардын айтымында Бишкек шаары “мамлекет башчысы жүрүүчү жолго өзгөчө статус берилсе мамлекет башчысы коопсуз болот” экен. Бул иш президент СШЖ менен макулдашылганбы же президентке “артыкча кызмат көрсөтүүнүн” амалыбы азыр сыр жашыруун. Бирок, президент СШЖ “Ала-Арча” резиденциясынан ишке барчу Манас, Ч. Айтматов, Чүй проспектилери оңдолуп жатканын уктум. Бирок, бир нерсе: өйдөтө гениялдуу Хафиз жазгандай ажал бир эле жолдо болбойт. Мен билгенден үч мамлекет башчысына жолдо кол салуу болгон.

-1801 жылы Россия императору Александр II Питерде Кышкы сарайга карета менен бара жатканда бомба ыргытылган. 1934- жылы Югаславиянын королу Александр I, 1963- жылы АКШ президенти Д. Кеннеди да авто менен бара жатканда кол салуу болуп өлүшкөн. Тилекке каршы Александар IIнин да арабасы ачык болсо, ал эми Александар I менен Д. Кеннединин автосунун төбөлөрү ачык (Кабриолет) болгон.

-1865- жылы АКШ президенти А. Линкольн театрда отурганда, 1901-жылы АКШ президенти У. Мак-Кинли көргөзмөдө, 1918- жылы В. Ленин Михельсон заводунда жүргөндө, ал эми 1932- жылы Франция президенти Поль Думер да көргөзмөдө жүргөндө атылышкан. 1984- жылы Индиянын премьер-министри И. Гандини жан сакчысы аткан, 1995- жылы Изрилдин премьер-министри Ицхак Рабин митингде атылган. 2007- жылы Пакистандын премьер министри Б. Бухутто митингде сүйлөп бүткөндөн кийин машинага отуруп, элге кол булгалап жатканда атылган. 1968- жылы Швециянын премьер-министри У. Пальме жубайы менен театрдан үйүнө жөө бара жатканда атылган. Жакында (05. 08. 2018 ж.) Венесуела президенти Н. Мадура аскер парадында сүйлөп жатканда өзү учкан (безпилотник) абадан жардыргыч зат таштап президент аман калып, 6 жоокер жарадар болду. Мына мисалдар! Президент, УКМК өздөрүнүн коопсуздугунун камын көрбөй, элдин, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылыш керек!

Жолдошбек Токоев

Булак: «Айгай»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: