Кечээ, 10-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелеринин техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
«Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы атамекендик авиакомпаниялардын учактары менен техникалык бузуулардан улам лайнерлер конууга мажбур болгон алты олуттуу окуя болуп өткөн. Мындайга жол бербөө керек, себеби жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда. Буга байланыштуу мен атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелери үчүн авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык стандарттарга дал келүүсүнө карата эл аралык аудиттен өтүүлөрүн талап кылам», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев жана бул маселени чечүү боюнча сунуштарды ыкчам түрдө кароого киргизүүнү тапшырды.
Премьер-министр айрыкча белгилегендей, учуулар болушунча коопсуз болууга тийиш.
«Тиешелүү тараптар авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүлөрү кажет. Аба жүргүнчүлөрүн ишенимсиз жана ак ниетсиз аба ташуучулардан коргоо зарыл», – деди Өкмөт башчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ