Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш Бишкекте 13-августа өттү.
– Мындай жыйындар тээ Бакиев, Атамбаев доорунан бери эле болуп келе жатат. Кана өнүгүп алдыга жылганыбыз? Куру сөз боюнча эле калып келатат го? Кудум ушундай мурунку жыйында айтылган пландардын кайсынысы ишке ашты? Менин жеке пикиримде кечээги жыйын да мурунку ошол жыйындардын бири эле болуп калат. «Инвестор келсе өнүкмөкпүз», «инвестор келсе курмакпыз» деген да өнүгүүнүн планыбы? Кайсы башына жара чыккан инвестор келет бизге? Сот адилеттүүлүгүн жолго сала албаган, укуктуу талаасы коррупциялашкан мамлектке жыргаган инвестор келеби? Келбейт. Өнүгөбүз десек тез арада сот реформасын жасашыбыз керек. Мамлектибизде тартип болушу керек! Өнүгүү стратегиясын реалдуу мүмкүнчүлүккө байлап туруп план түзсөк өнүгө алышыбыз мүмкүн. Анда да тартип болсо. Тартип жок болсо ТЭЦти оңдоп-түзөөдөгү көрүнүш кайталанып олтура беребиз.
Чынайым Кутманалиева
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ