Menu

Санаасы миңге бөлүнгөн олигарх

Бөлүшүү:

Байлыгың көп болсо да жашоодо проблемалар сөзсүз болот экен. Жалаң акчанын кудуретине таянып маселени оң жолго коём дегендин өзү натуура экенин турмуштан байкап калбадыкпы? Маселен, Кыргызстандагы №1-бай делип сыпатталган Өмүрбек Бабановдун азыр байлыгы керт башынын маселесин чечүүгө жарадыбы? Жок. Демек, акчанын деле кадыры тебеленип калар күн алыста эмес турбайбы? Же калпы барбы бул сөздүн? Эгерде каалаганын акча менен бүтүрө салууга мүмкүн болсо Өмүке азыркы падышага миллиондорду сугунта салып мадырайып парламентте отурмак да? Тилекке каршы акчага азгырылган президент эмес экен байдын санаасы тынчый элек.

Жакындан бери Пензадагы иштери да аксап жатканын эшитип кыйла капа болдук. Кантсе да мекендешибиз эмеспи. Эми Бабановдун келечеги кандай болот, катыгүн? Ушуну менен киндик каны тамган жеринин авасынан кенен дем албай калабы деген суроо көкөйдү кескени деле ырас. Бираз бийлик жумшарабы деп лидерлигин тапшырды, мандатынан ажырады, саясатты желкемдин чуңкуру көрсүн деди, кылбаган амалы калбады. Биротоло дудук, сокур болом дегенде эле желип, жортуп өлкөгө келгенге уруксат беришеби?  Аттиң, ушинтип саясатчы болбой койсо эмне болот? Ага болбой эле акчалуулар азыр тырышып жатышпайбы, бирдемке көрбөгөнсүп. Буйруса каттасинан көрөсүңөр, деген киши жок…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: