Беш айдан бери бош турган президенттик аппараттын жетекчилигине Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаевдин келе турганы сөз болууда. Туура, Бокенин дасыккан дипломаттыгын танбайбыз. А бирок, апчесинин аркасы менен карьера жасап, жыла баскан мунуңар Германия, андан кийин Россиянын элчиси катары көрүнүктүү эмне иштерди жасаганын ким айта алат? Эл эсинде калчу кайсы бир ишин эсгей аласыңарбы? Болот Отунбаевдин дараметин жакшы билген айрым ичи тар дипломаттар анын аппарат башчылыгына келишин кооптуу көрүнүш катары айтып жатышканы жен эмес го? Мындай суроолорубуздан бийлик өзү жыйынтык чыгарар.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ