Menu

Алматыда феминисттик акциянын катышуучусу бейбаштыкка айыпталууда

Бөлүшүү:

Алматыда активист, ЛГТБ өкүлдөрүнүн укугун коргоочу Жанар Секербаева аялдардын “айызы” тууралуу акция өткөргөндөн кийин бейбаштыкка айыпталды.

15-августта полиция кызматкерлери Секербаеваны райондук ишки иштер башкармалыгына алып келип, сотко чакыруу кагазын тапшырышты.

Секербаева Административдик мыйзам бузуулар кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда. Эгер активист күнөөлүү деп табылса, 10 суткага административдик камакка алынат же беш айлык эсептик көрсөткүч (12 025 теңге) айыппулга жыгылат.

9-авгутта Алматынын жөө жүргүнчүлөргө арналган Арбат көчөсүндө акция өткөргөн Секербаева колуна: “Айыз – уят, кыйноо уят эмеспи?”, “Айыз – бул аялдардын суперкүчү” деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыккан.

Секербаева сотто Арбатка тааныштарын колдоо үчүн келгенин, фотосессияга катышканын жана уюштуруучу эмес экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: