Menu

Өзбекстан телеканалдарына эфирде Каримовдун атын атоого тыюу салынды

Бөлүшүү:

Жума башында Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдардын редакторлоруна эфирде өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент Ислам Каримовдун атын атоого тыюу салынды.

Өзбек тилиндеги “Озодлик” радиосу өз булактарына таянып билдиргендей, мындай буйрук президент Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов тарабынан берилген.

Өзбек телеканалдарынын биринин башкы редакторунун айтымында, эфирде Ислам Каримовдун атын таптакыр эскербөөнү талап кылышкан. Мындай тыюу бир ай мурун киргизилген.

“Бул сунуш эмес, талап болду. Интеллигенциянын эски мууну дайыма Каримовду эскерүү менен сүйлөйт. Андыктан мындай тобокелчиликтүү категориядагы кишилерди эфирге чыгарбоо боюнча бардык чараларды көрдүк,” – деди ал.

Мурда өзбек телеканалдарында Каримовдун сүрөтүн тез-тез көрсөтүп турушчу.
Мурда өзбек телеканалдарында Каримовдун сүрөтүн тез-тез көрсөтүп турушчу.

“Ëшлар” телеканалынын журналистинин билдиришинче, эфирде Ислам Каримовдун атын гана эмес, сүрөттөрүн жана эстеликтерин көрсөтүүгө да тыюу салынды.

Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясы бул боюнча расмий түрдө түшүндүрмө бере элек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: