Menu

Жээнбеков: Кыргыз-түркмөн достугунун жаңы барагы ачылууда

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедов бүгүн Ашхабадда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирүү жасашты.

«Бүгүн биз стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол койдук. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ачат», – деп белгиледи кыргыз президенти.

Ошону менен катар Жээнбеков “бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн байланыштары бекемделсе жана бардык чөйрөлөрдө өнүксө деген жалпы маанайды ырасталганын” айтты.

Кыргыз президенти мамлекеттик сапар менен Ашхабадка бүгүн барган. Жыйынтыгында маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорттук байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жөнүндө жалпы макулдашууларга кол коюлганы кабарланды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: