Түркмөнстанга болгон мамлекеттик визиттин алкагында бүгүн, 23-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи Президенти Сапармурат Ниязовдун Күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Бул туралуу президенттин басма с-з кцзматы маалымдады.
Мамлекет башчысы ошондой эле анын жанында жайгашкан мечитке кирип чыкты. Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик Монументине гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду.
Визиттин программасына ылайык, Мамлекет башчысы Ашхабадда 2017-жылы өткөн жабык имараттагы Азия оюндарына карата 2015-жылы салынган Олипиадалык шаарчасын көрүп чыкты.
Визиттин соңунда Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабад текстиль комплекси менен таанышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ