Өкмөт башчысы Мукан Абулгазиев ушул күз менен кызматынан айрылганы турат. Ак үйдөгү айрым шыбыштарга караганда бул маселе бышып, чечилип калганы айтылууда. Жогорку Кеңеш каникулдан кийин ишке кирип, өкмөттүн 9 айлык ишинин отчетун угуу маселесинде отставкага кетирүү демилгеси көтөрүлөт экен. Мындай жагдайга Абулгазиев Өкмөт башына келгени экономикада өсүш болбой сенек болуп катып калганы, кадрдык алешемдиктер, иштин көзүн билбеген мажүрөөлүк сыяктуу бир топ суроолор кабыргасынан коюлуп, президентке тирек болбой, тескерисинче көлөкө түшүрүп жатасың деген дооматтар күндүн күрөө тамыры катары каралат. Учурда өкмөт башчылык кызматка кимди алып барыш керек деген маселе таасирдүү төбөлдөр тарабынан кызуу талкууга алынып жатыптыр.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ