ЖКнын «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Күрүчбековичтин дарегине эки жума мурун суроо салганбыз. Гезит аркылуу. Окуган чыгаар, бирок, ал берилген суроолорубузга азырынча үн ката элек. «Андай эмес, мындай десе» анын пикирине да гезит бетинен орун берилмек. Унчукпай олтурганы макул болгонубу? Болбосо, өз чындыгын айтат эле го. Айтмакчы, президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөзүндө эски иштер, тагыраагы коррупция боюнча мурун козголуп, бирок, токтотулган кылмыш иштер кайрадан жанданат деди. Турускуловдун «Востокэлектро» боюнча козголгон кылмыш иши кайрадан каралса абийри төгүлбөйбү?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ