Menu

Мектептерде ата-энелер комитеттери аркылуу ар кандай коррупциялык схемалар орун алууда

Бөлүшүү:

Үч айлык каникул аяктап, босогобузда сентябрь айы. Жылдагыдай эле мектеп көйгөйлөрү баштан ашат. Балдарын мектепке киргизе албай, директорлор сураган мектеп взносторуна төбө чачтары тик туруп, мектептен мектепке самсыган ата-энелер, окуу күнү башталбай жатып эле канча акча чогултуу зарылдыгы бар экенин сайраган мугалимдер. Мектепке балдарды киргизүү түйшүгү өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында күч. Эл жыш жайгашкан аймактарда мектеп, андагы орундар жетишсиз. Бишкек, Ош шаарларындагы айрым мектептерде бир класста кырктан ашуун бала окуганы акыркы жылдарда көнүмүшкө айланган. Бул суроолорго жооп издеп, айрым эксперттерге кайрылдык.

Алмаз Тажыбай, Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү: Взнос алууга тыюу салынган

– Балдарды мектепке киргизүү билим берүү жана илим министрлигинде кандай каралган?

– Мамлекет тарабынан балдарды мектепке киргизүүдө взнос төлөөгө тыюу салынган. Бул ата-энелердин өз ыктыярлары. Мектептерде уюшулган мектеп комитетгеринин арты менен ар кандай коррупциялык схемалар орун алат. Бирок, бул схеманы аныктап, коомчулукка алып чыккан ата-энелер жокко эсе. Мектепке баласын киргизүүгө белсенген ата-эне үчүн баласын жетелеп мектепке баруу август айында өтө кеч. Өз катачылыктары үчүн алар пара берүүгө мажбур болушат. Ар бир эле ата-эне жөнөкөй мектептерге эмес, шаар борборлорундагы мектептерге, гимназияга окутууга кызыкдар. Ошонун айынан бир класска 40-45 бала кабыл алынып окуп жатышат.

– Мектептер сураган взностордун баасы тууралуу кандай маалыматыңыз бар?

– Взноско тыюу салынган. Бул ачык айтылбайт. Бирок жолго коюлуп, тапталып калган. Ар бир мектептин өзүнүн баасы бар. Баалары ар кандай.

– Взнос алуу учурунда кармалган директорлорго кандай жаза колдонулат?

– Директорлор кармала элек. Кармай албайт. Ата-энелер комитетинин мамлекетке эч тиешеси жок. Көп иштер ошол ата-энелер комитетинин мүчөлөрү аркылуу жүзөгө ашат. Юридикалык жактан мектеп албайт. Ата-энелер комитеттери менен директорлор тыгыз байланышып, коррупциялык схемаларды ишке ашыра берет. Укук коргоочулар далилдей албаган бул билим берүүдөгү жара, бүгүнкү күндүн эң чоң көйгөйү.

Булак: «Азия ньюс»

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: