Menu

Египтте казакстандык туристтер бараткан автобус оодарылып кетти

Бөлүшүү:

Египетте 22 казакстандык туристти алып бараткан автобус аварияга кабылды, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жол кырсыгы 29-августта Хургад-Каир трассасында болгон.

Маалыматтарга караганда, автобус жолдо оодарылып кеткен. Авариянын кесепетинен эки турист жакын жердеги ооруканага жеткирилди. Андан соң Казакстан консулдугунун өтүнүчү менен аларды Хургаддагы “Аль-Мысри” госпиталына алып кетишти. Калган жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралган жок, медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, казакстандык туристтер экскурсиясын улантышты.

Казакстан бийлиги бул абалды өз көзөмөлүнө алды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: