Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков менен Венгрия Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстанга үч күндүк расмий визит менен келген Венгрия Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуусунун аземи бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болду. Бул туралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мартабалуу коноктун урматына Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинди, гимндер жаңырды.

Расмий жолугушуудан жана делегациялар менен таанышуудан соң Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан  эки тараптуу жолугушууга багыт алышты.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Венгрия Премьер-министринин Кыргызстанга визити 2-сентябрь күнү башталган.

Виктор Орбан мартабалуу Ардактуу мейман катары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: