Menu

Аксы: Өзбекстанга чектеш кыргыз айыл тургундары алардын жер тилкелери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразы

Бөлүшүү:

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылында Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 26 үйдүн короо-жайынын бир бөлүгү сүрдүрүлүп жатат.

Айыл тургуну Жаркынай Алимова 11-сентябрда Чек ара кызматынын, райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип айылдыктар менен жолугушканын билдирди. Жолугушууда чек ара тилкесин тактап зым тарткан учурда айрым үйлөрдүн короолорун да тосууга туура келип жатканы айтылган.

– Бийлик бизди каршылыксыз бошотуп берүүбүздү талап кылып жатышат. Айрымдардын сарайлары жана башка имараттар жайгашкан. Аларды мажбурлап техника менен сүрдүрөбүз дешти, – деди Алимова.

Торуктун айыл башчысы Рахматилла Аманбаев да бул айтылгандарды ырастап, 26 үйдүн короолорунан 5 метрден жер алына турганын, аларга компенсация берүү маселеси каралбаганын маалымдады.

Ал эми Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Райымжан Мавлянов билдиргендей, компенсация боюнча элден арыз-даттануу түшкөн эмес.

Торук айылында миңге жакын түтүн эл жашайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и же 85 пайызы такталган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: