Menu

Генерал Суваналиевдин күч органдарынын бирине келүүсү мезгил талабы

Бөлүшүү:

ДКОнун өтүшү менен уюштуруу иштериндеги кемчиликтер Коопкеңеште каралып атканы, тиешелүү жетекчилер жазаланып, кызматтарынан кете турганы кабарланды. (Кырчын жайлоосунан Тамчыдагы аэропортко Эрдогандын жубайы жете албай, жолдогу унаа тыгынына кабылып, бир жарым саат акыя күткөнү коомчулукта чоң резонанс жаратты.)

Эске салсак, буга чейин деле өкмөт курамындагы кадр саясаты, бир топ министрлердин ишмердиктери талапка жооп бербегени сынга кабылып келген. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жакынкы күндөрү аткаруу бийлигинин дээрлик башчылары алмашары, о.э. эл ичиндеги кадыр-барктуу саясатчылардын кызматтарга тартылуусу күтүлүп атыптыр. Азырынча талдоодон өтүп атышкандыр. Мындай кризистик шартта генерал Өмүрбек Суваналиев күч органдарынын бирине дайындалса, мамлекеттин коопсуздугу, адам укуктарынын сакталышы үчүн чоң өбөлгө түзүлмөк. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков ротация маселесин эске салып, Суваналиевди легендарлуу жетекчилердин катарына кошкон болчу. Ооба, «Комиссар Каттани» Ош, Ысык-Көл, Нарын ж.б. аймактарда татыктуу кызматын өтөп кеткени бүгүнү күнгө чейин жылуу маанайда эскерилет. Аныгында, президент жогорку деңгээлде баалап атса, эмне үчүн Өмүрбек мырзанын тажрыйбасын пайдаланбайбыз? Же ортодогу алысты көрө албагандар өлкөнүн өнүгүшүнө кедерги болушуп, тымызын алсыратуу менен кадр саясатына жолтоо болушуудабы? Биздин баамыбызда, учурдагыдай оор шартта генерал Суваналиев кайсы гана кызматтын жетекчилигине келбесин, ырааттуулук, тартип жана коопсуздук жолго салынат эле. (Баса, буга чейин президенттик аппараттын башчылыгына Досалы Эсеналиевдин татыктуу экенин эки-үч курдай жазганбыз. Аныгында, туура чечим кабыл алынып, каарманыбыз алдыга умтулууга багыт алды.) «Комиссар Каттани» табиятынан мамлекетчил, таза генерал, тажрыйбасы ашып-ташып турган курагы, ток этери, ал элдин жүгүн тартып кетмек…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: