Menu

Коопсуздук кеңеши: ТЭЦ боюнча миллиарддаган чыгым алып келген кылмыш иштери дээрлик далилденди

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Сагынбаев анда келерки жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан жасалган кылмыштардын тизмеси түзүлөт деп билдирди:

—Ким болбосун мамлекетке зыян келтирсе кылмыш жообуна тартылат. 2019-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо орган дары тарабынан жасалган кылмыштардын реестери иштей баштайт. Учурда бардык керектүү техникалык документтер даярдалып жатат. Коомчулук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн үстүнөн жазылган арыз-даттануулар кандай каралып жатканын онлайн режиминде көрө алышат. Муну менен бардык тергөөчү прокурор жана башка кызматкерлер кайсы бир ишти жаап-жашыруудан мурун «кылмышкерди калкалоо керекпи же жокпу» деп ойлонот деген ишеним бар. Анткени, бардык маалымат, кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү онлайн режиминде ачык болот.

Анан да, «ТЭЦ боюнча мил-лиарддаган чыгым алып келген коррупционерлердин иштери дээрлик далилденди» – деди.

Айтакетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен быйыл февралда Коопсуздук кеңешинин катчылыгына сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга күрөш тууралуу чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн.

Мындан тышкары жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 48 миңден ашык декларация текшерилип жатканын жарыялады. Анын ичинен 833 декларация саясий жана жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы. Арасында 50дөн ашык аткаминердин киреше-чыгашасынан күмөндүү жагдайлар чыккан.

Сагынбаев жарандардын киреше-чыгашаларын текшерүү учурунда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоодо оорчулуктар болгонун моюнга алды. Ал муну декларацияларды көзөмөлдөө Салык кызматына быйыл гана өткөнү менен байланыштырды. Ал келерки жылы укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыш иштер атайын тиркелип коомчулукка жарыяланарын айтты.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Түркиянын президента Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстана болгон сапарында кыргыз бийлигине эч кандай тизме берген эместигин айтты.

«Мен сиздерге расмий түрдө айта алам Түркия тараптан кыргыз тарапка эч кандай тизме берилген эмес. Бул 130 адамдын аты жазылган тизме кимдер бирөөлөр тарабынан ойлонуп чыгарылып, кандайдыр бир резонанс жаратуу үчүн атайын Кыргызстандын аймагында жайылтылып жатат. «Сапатка» тиешелүү имарат «Маарифке» өткөрүлүп берилбейт. Ар бир фонддун окуу имараттары өз-өзүнчө иш алып барышат», — деди Сагынбаев.

Турк президентинин сентябрдын башында Кыргызстанга жасаган сапарынан кийин түрк басылмалары Режеп Тайып Эрдоган кыргыз бийлигине дин аалымы Фетхуллах Гүленди колдогон Кыргызстандагы 130 түрк жарандарынын тизмесин бергенин жарыялашкан. Аларды өз өлкөсүнө өткөрүп берүүнү өтүнгөнүн жана 13үн өзгөчө белгилеп, «биринчи кезекте» деген белги коюлганын жазып чыгышкан.

Ал эми буга чейин Тарых музейине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча Тарых музейи үчүн экспонаттар жана материалдар Германиядан жогорку баа менен алынып келингендигин Дамир Сагынбаев дагы бир ирет тастыктады. Ал: «Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке көптөгөн миллиондогон зыян алып келген бузуулар аныкталды. Алсак, ички базардан эле сатып алууга мүмкүн болгон материалдардын бир бөлүгүн Германиядан жогорулатылган баа менен алып келишкен, агажол акысы, бажы жана салык төлөмдөрү төлөнгөн», – деди.

Мындан тышкары жыйында өлкөдөн качкан Аскарбек Шадиев, Өмүрбек Бабанов, Адамкул Жунусов сыяктуу саясатчыларды издөө боюнча күч түзүмдөрү иш алып барууда экендигин, аталган жарандарды камакка алуу үчүн бир катар мамлекеттерге тиешелүү кат менен укук коргоо органдары кайрылышканын айтты.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: