Menu

Макмалдын келечеги кандай болот?

Бөлүшүү:

Жакынкы убактарда “Кыргыз алтын”ишканасы “Макмал алтын кенинин” иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн инвесторлорго сынак жарыялоонун алдында турушат. Бирок, азырынча сынактын тартиби коомчулукка толук жарыялана элек. “Макмалалтындын”мындан аркы тагдыры кандай болот? Эгер инвесторлор табылып калса, жергиликтуу элге, ошол аймакка беги эле биздин өлкөгө кандай пайдасы тиет жана инвесторлор аталган алтын кендин өмүрүн канча убакытка чейин узарта алат? – деген суроолордун үстүндө Тоо-кен өнөр жайына эмгеги сиңген геологдордун пикирлерин уктук.

Орозбек Дүйшеев: “Инвесторлорду тартуу негизги максат”

—Орозбек агай, “Кыргыз-алтын” ишканасы “Макмалалтын” комбинатынын ишин дагы улантуу үчүн инвесторлорго конкypc жарыялайбыз деп жагышат. Анын Тогуз-Торо эайонуна кандай пайдасы бар? Эгерде инвесторлор келсе “Макмалалтындын” ишинде кандай өзгөрүүлөр болот?

-Жакында ушул маселе туурасында Президент тегерек эл өткөрдү. Ал жактан да топ сөздөр болгон. “Кыргызалтындын” азыркы убакыт-“Макмалга” инвесторлорду таргуу идеясын мен колдойм, себеби, инвестиция тартпасак биз тоо-кенин оңдой албайбыз. “Макмал” кени абдан социалдык жактан маанилүү объект. Бирок, инвестицияны тартканда да биздин адистер өздөрүнүн шарттарын туура түзүп, ал шарттар кыргыз элине, “Макмалалтындын” өзүнө кандайдыр бир пайда алып келе тургандай болушу керек. Ал эми инвесторлорду тартуу – азыркы убакытта, менин оюмча негизги максат. Кийинки убактарда Кыргызстанга, анын ичинен Тоо-кен өнөр жай тармагына инвесторлордун келиши жокко эсе десек болот. Анткени, адистерибиз бир топ каталарды кетирип жатышат. Мындай болбош керек. “Макмалалтынга” он жыл мурун эле инвестиция тартышса, азыр иштеп калмак, алдын алуу чараларын көрүш керек эле.

Дүйшөнбек Камчыбеков, геолог: “Макмалда дагы 14 тоннадай алтын бар”

—”Кыргызалтын” ишканасы “Макмалалтынга” инвестор издөө боюнча конкурс жарыялаганы турат. Геолог катары сиз ага кандай ойдосуз?

—“Жер казынасы” деген мыйзам бар. Ошол мыйзамдын негизинде биздеги кен иштетүү маселесинин баары аткарылат. Инвесторлорго да ал мыйзам иштейт. “Макмалдын” 80-жылдарда башталган кенинин запасы мындан он жыл мурда эле түгөнүп, токтоп калмак эле. Бирок, кыйын адистер азыркы убакытка чейин иштетип келишти. Булар жер алдынан иштетүү жолуна өтүп, бүгүнкү күнгө чейин ишин токтотпой келишкен. Эң негизги маселе инвесторду тартуу көйгөйү эмнеге келип такалып жатат? “Кыргызалтын” бул кенди иштетүүгө, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, ал жерде алтындын көрүн аныктаганга ири суммадагы каражат талап кылынат. Жер алдындагы жайгашкан алтындын көрүн такташ керек. Ошого байланыштуу инвестиция алып келе турган жолу жакшы болуп жатат. Мисал катарында “Кыргызалтындын” Чаткал жергесинде жайгашкан жер алдындагы кендерди иштетүүдө түрктөрдүн “Эти Бакыр” деген компаниясы менен иштөөсү абдан жакшы иш болду. Эгерде ал инвесторлор ошол жакта ишин алып барбаганда ал жактагы алтын кени бир топ оор абалга кептелмек. Инвестор келип 20 млн доллар түздөн-түз бюджетке которуп, андан сырткары 25 пайызын кыргыз тарапка өткөрүп беришти. Ошол жердеги элди жумуш менен камсыз кылып, региондун бир топ социалдык маселелерин чечип берип жатышат. Ошондой эле Тогуз-Тородо жайгашкан “Макмал” кени дагы өзү социалдык темага байланыштуу экен. Анткени, жалгыз кен байлык Тогуз-Торо районунун бюджетинин көп жагын жаап жаткан ишкана болуп эсептелинет. Ошондуктан инвестор келсе, мыйзам чегинде туура Кыргызстандын үлүшүн тактап, алар дагы мыйзамдын негизинде социалдык пакет деген жагы да бар, анын негизинде кандай иш-каналарды ачып бере алат, адамдарды ишке тарта алат, экономикага кандай салымы болот деген темада бүгүнкү күндө конкурс уюштурабыз дегени абдан жакшы болуп жатат.

—Макмалды иштетүүгө кайсы мамлекеттин инвесторлору кызыкдар деп ойлойсуз?

—Бизге кайсы мамлекеттен келбесин биздин мыйзамды так аткарган, экология маселелерине көңүл бурган, эл менен иштеген инвесторлорго макул боло бериш керек. Биздин органдарыбыз, айлана-чөйрөнү коргоо, экологияны коргоо, өнөр жай коопсуздугу боюнча текшерген мекемелери да өзүнүн функционалдык иштерин так аткарып, көзөмөлдөшсө эле Кыргызстанга, жалпы Тогуз-Торо аймагынын элине пайда эле болот.

“Макмалалтын” комбинатынын алтын ылгоо фабрикасы 1-сентябрдан баштап өз ишин токтотту. Себеби “Макмал” кен чыккан жердеги алтындын кору толук түгөндү, ошондуктан мындан ары иштетүү экономикалык жактан пайдасыз жана чыгашалуу болуп эсептелет.

«Кен казып алуунун көрсөткүчтөрү боюнча “Макмалалтын” комбинаты чыгашалуу болгондуктан 2013-жылы эле жабылыш керек болчу. Бирок жалпы Тогуз-Торо району үчүн социалдык жактан олуттуу мааниге ээ болгондуктан, “Макмалалтын” комбинатынын келтирген чыгашалары “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башка филиалдарынын эсебинен толтурулуп келген. 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып өндүрүш токтоду, 924 иш орундун ичинен 593 орун кыскартылды. Кыскартылган жумушчуларга тийиштүү компесация толук өлчөмдө төлөнүп берилди. 2018-жылдын аягында “Кыргызалтын” ААК “Макмалалтын” комбинатындагы кен чыккан жерди изилдөө, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү үчүн сынак өткөрүүнү пландап жатат , — деп билдирди «Кыргызалтындын» маалымат кызматы.

Азамат Кангелдиев

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: