Menu

Башкы прокуратура Баткендин башчысынын уулун экстрадициялоо өтүнүчү менен Россияга кайрылды

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаевди экстрадициялоо боюнча өтүнүчкө кол коюп, аны орусиялык кесиптештерине жөнөткөн. Бул тууралуу журналисттерге Генпрокуратурадан билдиришти.

Маалыматтарга ылайык, документ Россияга 22-сентябрда жөнөтүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4-сентябрда Москвада Баткен облусунун башчысынын уулу Азиз Орозбаевдин кармалганы белгилүү болгон. Жаш жигит алдамчылыкка шектелип, мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

2019-жылдын март айында Бишкекте үч жаран ишкерге ишенимин арттырып, чет өлкөдөн алынып келинген чет элдик автоунааларды сатып алууну шылтоолоп, ага жалпысынан 2 165 359 сом зыян келтирген.  Шектүүлөрдүн арасында Азиз Орозбаев дагы болгон. Ал былтыр жазында тергөө иштеринен качып кеткен. Январь айында ага сыртынан айып тагылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: