Жеке ишкерлерге кат жөнөтүп, жардам сураган кызматкерлер жоопко тартылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Маалыматка ылайык, «ИИМдин криминалдык милициясынын 100 жылдыгын белгилөөгө кызматкерлер жеке ишкерлерге расмий кат жөнөтүп, жардам сурап жатат» деген маалымат тараган.
«Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Эгерде кандайдыр бир марафон уюштурулуп, же ишкерлер өз ыктыяры менен жардам берсе, анда ал мыйзамдуу эле. Бирок расмий кат жолдоп же жардам көрсөтүүгө мажбурлоо – бул мыйзамсыз» деди Сейитов.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ