Menu

Бактыбек Райымкулов, депутат: Ар дайым аракеттин үстүндө жүргөн адам гана ийгиликке жете алат

Бөлүшүү:

Ат үстүндө өткөн балалык

Мен өзүм чабандын баласы болом. Кичинемден мал кайтарып, ат үстүндө атам менен мал айдашып чоңойгом. Туулуп, өскөн айылым Чүй облусунун, Панфилов районуна караштуу Киров айылы. Бала чагым Чүй облусунун Киров айылында жана Суусамыр, Арамза жайлоолорунда өткөн. Кичинемден спортко кызыгып, жаш кезимден көкбөрү тартып ойноп, Кара-Балта көкбөрү командасын түзүп жетиштик. 2005-жылдан бери жаштар ынтымагын түзүп, 13 жылдан бери Эгемдүүлүк күнүнө карата спорттун бир нече түрү анын ичинде улуттук оюндар боюнча республикалык деңгээлде турнир өткөрүп келебиз. Өзүм 7 бир туугандын эң улуусу болом, ата-энем баарыбызга татыктуу тарбия берди. Мен 9-класска чейин айылда мектепте билим алгам, андан соң Бишкектеги Суворов атындагы аскер училищага азыркы Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейине тапшыргам, андан кийин Ички иштер министирлигинин академиясында билимимди уланткам, академияда эле активист болчумун. Спортто да жана коомдук турмушта, кийин шартка байланыштуу Улуттук университеттин юридикалык факультетин сырттан бүтүрүүгө туура келди. Анткени үйдүн улуусу катары ата-энеме жардам бериш үчүн бизнеске аралашып кеткем. Кудайга шүгүр, ини-карындаштарымдын баарына жогорку билим алууга шарт түзүп бердик. 20 жашымда эле өзүбүздүн айыл өкмөттө жаштар иштери боюнча комитетти жетектеп, коомдук иштерге аралашып баштагам.

Ак иштин акыбети кайтат

Т атыктуу жашоо – бул мен үчүн татыктуу уул, татыктуу үй-бүлө башчысы, татыктуу ата, татыктуу эл өкүлү жана элдин татыктуу уулу болуу. Анткени бардыгы кичинекей мамлекеттен башталат. Өз үй-бүлөмдү татыктуу багып, жеңил-оор жүгүн көтөрө билсең анан чоң мамлекеттин жүгү кандай болбосун, сөзсүз түрдө татыктуу алып кетсең болот. Элдин ырыскысын жебей, мамлекеттин казынасын уурдабай, абийир менен жашаш керек деп ойлойм. Эл үчүн ак ниет иштесең сөзсүз акыбети кайтат дейт эмеспи.

Ийгилик эки нерсеге көз каранды

Ийгиликке жетиш үчүн эки нерседен жаңылбаш керек деп айтат го. Биринчи тандаган кесибиңден, экинчи өмүрлүк жарындан. Менимче бул сөз бекеринен айтылбаса керек. Ала качып үйлөнүү туура эмес деп ойлойм.

Сөзсүз түрдө кыздын макулдугун алышыбыз керек, баарыбыздын кыздарыбыз бар. Эми азыр заман башка, сүйлөшүп жүрүп баш кошкон адамдар бактылуу болот деп ойлойм. Менин келинчегим да Чүйдүн кызы болот. Үйлөнөөрдүн астында жакшы жарга туш болуп, бактылуу үй-бүлө курсам деп тилек кылчумун. Бүгүнкү күндө Кудайга шүгүр, сүйүктүү жарым жана 5 балам бар.

Тарыхта жаратман катары калгым келет

Чынын айтсам кыялдарым абдан көп. Эң негизгиси бул жакшы адам болуп, ушул бир келген өмүрдө атамдын атын бийик көтөрүп, тарыхта калтыруу. Тарыхта бир гана депутат катары эмес, жаратман, эл жүгүн жеңилдеткен адам катары калгым келет.

Т0скоолдук эрктүү адамды өстүрөт

Ыза болуп, эмне иш баштасам даты алдыга жьшбай, кыжаалат кылган учурлардан да өтүп калам. Бул учурда менин командам мыкты. Андай учурларда биз кеңешип, бат чечкенге аракет кылабыз. Мындай учурлардын болуп турганы жакшы деп ойлойм. Адам өсүш үчүн тоскоолдуктар сөзсүз керек болот. Албетте ал адамда эрк болушу керек. Эрки жок адам кыйынчылыктын башталышында эле туруштук бере албай калат.

Заманга шылтоо – бул караңгылык

Ар бир ишке ашпай калган максаттарды, пландарды заманга шылтап отурган адамдар тилекке карты көп. Заманга шылтоо – бул өзү жат көрүнүш! Эмнеге дегенде, шылтоо – бул жалкоолук, көрө албастык жана караңгылык. Заман бизге баарын жайып берип жатат, карасаңыз бардыгы бар. Жасаса болот, ипгтесе болот, тапса болот. Демек заманды кү-нөөлөбөй өзүбүз көп нерсеге аракет кылышыбыз керек.

Жалкоолукту жеңсек, кең келечек өзү келет

Ар бир адамдын өзүнүн ырыскысы болот эмеспи, татыктуу жашаш үчүн билим алыш керек, бай жашаш үчүн мээнет кылуу абзел. Жаштарды биринчи кезекте билимге, ыймандуу болууга жана мээнет кылууга чакырам. Жалкоолукту жеңсек эле кең келечекке ээ болобуз. Ар дайым аракеттин үстүндө жүргөн адам гана ийгиликке жете алат. Андыктан бардык мекендештериме ийгилик каалайм.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: