Menu

Социалдык өнүктүрүү министрлигиндегилер өздөрүн өнүктүрүп жүрүшкөнбү?

Бөлүшүү:

Башкы прокуратурага Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова менен анын орун басары Лунара Мамытова сүйлөшүүгө чакырылганы маалым болду.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, эки айым министрлик тууралуу коомчулукта уу-дуу болуп жаткан кептердин чындыгына чыгуу үчүн чакырылтылган. Министр менен орун басар чет өлкөгө кайсы каражатка чыгып жаткандыктары боюнча түшүнүк кат жазышты.

Буга дейре аталган министрликтин жетекчилиги дипломатиялык паспортторду өз кызыкчылыгына пайдаланышып, дүйнөнү өздөрү гана эмес, үй-бүлөсүн кошо кыдыртып жүргөнү маалым болгон. Башкы прокуратура министрликтин адам ресурстары боюнча бөлүмүн текшерүүгө алган учурда дипломатиялык паспортторду берүү жана пайдалануу жаатында айрым эреже бузууларга дуушар болгон. Мындан улам иш өндүрүшкө алынып, материалдар Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

Жакында эле Лунара Мамытова соцтармактарга Кыргызстанда пенсионерлер деле пенсиясынан үнөмдөп чогултуп, чет өлкөлөргө барып эс алышса боло турганын жазып, элдин оозун ачырды. Ал барган өлкөлөрүн бирден тизмелеп, бул жада калса пенсионерлерге да жеткиликтүү экенин белгилеген. Коомчулук орун басардын мындай пикирин мазактоо менен кабыл алышты.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: