Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда Кыргызстанга Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга келген Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ардактуу мейманга «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин жана көптөгөн чет элдик меймандардын азыркы учурдун көрүнүктүү жазуучу-гуманисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган Форумга катышуусу учурда көтөрүлүп жаткан дүйнөлүк маселелердин актуалдуулугун дагы бир жолу ырастап турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Монголиянын мурдагы президенти бул иш-чаранын дүйнөнүн элдерин жакындатуу жана учурдун актуалдуу талаптарын чечүүдөгү маанисин белгилеп, улуу жазуучуга арналган форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

«Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин гана чыгаан уулу болбостон, дүйнөнүн бардык көчмөн элдеринин сыймыгы болгондуктан, мен бул Форумга катышууну өз милдетим деп эсептедим», — деп белгиледи Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: